Өлкө боюнча мектептерде биринчи класстарга кабыл алууга 186 миң орун бар

11:44, 11 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Өлкө боюнча мектептерде биринчи класстарга кабыл алууга 186 миң 201 орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илими министрлиги билдирди.

Алардын маалыматына караганда, окутуу кыргыз тилиндеги мектептер үчүн — 107 миң 563, окутуу орус тилиндеги мектептер үчүн — 68 миң 670, окутуу өзбек тилиндеги мектептер үчүн — 9 миң 607, окутуу тажик тилиндеги мектептер үчүн — 361 квота.

Шаар, облустар боюнча бөлүнгөн квоталар:

Бишкек шаары боюнча 97 мектепке 20 миң 875 квота каралган (анын ичинде кыргыз тилиндеги мектептер үчүн — 10 миң 40, орус тилиндеги мектептер үчүн −10 миң 835);

Ош шаары боюнча 52 мектепке 11 миң 289 квота каралган (кыргыз — 2 миң 325, орус — 7 миң 644, өзбек — 1 миң 320);

Баткен облусу боюнча 226 мектепке 16 миң 922 квота каралган (кыргыз — 11 миң 714, орус — 3 миң 516, өзбек —1 миң 359, тажик — 333);

Жалал-Абад облусу боюнча 467 мектепке 36 миң 334 квота каралган (кыргыз — 22 миң 771, орус — 9 миң 958, өзбек — 3 миң 605);

Талас облусу боюнча 107 мектепке 7 миң 385 квота каралган (кыргыз — 5 миң 913, орус — 1 миң 472);

Нарын облусу боюнча 141 мектепке 7 миң 851 квота каралган (кыргыз — 5 миң 562, орус — 2 миң 289);

Чүй облусу боюнча 298 мектепке 30 миң 601 квота каралган (кыргыз — 13 миң 657, орус — 16 миң 944);

Ысык-Көл облусу боюнча 192 мектепке 14 миң 504 квота каралган ( кыргыз — 9 миң 188, орус — 5 миң 316);

Ош облусу боюнча 515 мектепке 40 миң 404 квота каралган ( кыргыз — 26 миң 393, орус —10 миң 696, өзбек — 3 миң 323, тажик — 28).