Баткендеги Сох-Зардалы жолу тазаланып, каттам ачылды

11:34, 11 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Баткендеги Сох - Кан - Зардалы жолу тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Маалыматка караганда,  Баткен районунда 10-апрелде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дара айыл аймагына жакын жайгашкан кокту-колоттордон сел суулары агып, Сох – Кан – Зардалы унаа жолунун 10-11-чакырым аралыгын кум-шагылга толтурган.
 
Мындан улам унаа жол убактылуу жабылган.
 
Тазалоо иштерине №2 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор тартылып, натыйжада саат 09:00дө унаа жол толук тазаланып, каттам эки тараптуу ачылган.