Антальяда жол кырсыгында эки киши каза болду. Анын бирөө кыргыз жараны. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары билдирди.
Жол кырсыгы 8-апрелде болгон. Маалыматта рулда олтурган түрк жараны Сулейман Байрам жогорку ылдамдыкта бара жатып, унааны башкара албай калып, бетон тосмону сүзүп алган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жол кырсыгында 1993-жылы туулган Бактыбек кызы Айпери көз жумду. Анын жанында болгон дагы бир кыргыз жараны - Даткайым Асранкулова ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.
Учурда жүк-200 Кыргызстанга жеткирүү иштери жүрүүдө.

