Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы дүйнө салды

08:54, 10 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун чоң апасы, парламенттин (Халк Маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун апасы дүйнөдөн өттү.

Түркмөнстандын ЖМКлары Огулабат Бердымухамедованын өлүмү тууралуу дароо кабарлашкан жок. 8-апрель күнү түштөн кийин гана мамлекеттик маалымат агенттиктеринде президенттин чоң апасы акка моюн сунганы маалымдалды.

Бул арада Сердар Бердымухамедовдун 10-11-апрелде Тажикстанга белгиленген расмий сапары белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

ТДХ агенттигинин маалыматына караганда, Огулабат Бердымухамедова 1937-жылы 15-июнда туулган. Ал Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлиги тушунда даңкталып, «Огулабат эже — баатыр төрөгөн эне» деп аталган.