Түркмөнстандын ЖМКлары Огулабат Бердымухамедованын өлүмү тууралуу дароо кабарлашкан жок. 8-апрель күнү түштөн кийин гана мамлекеттик маалымат агенттиктеринде президенттин чоң апасы акка моюн сунганы маалымдалды.
Бул арада Сердар Бердымухамедовдун 10-11-апрелде Тажикстанга белгиленген расмий сапары белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
ТДХ агенттигинин маалыматына караганда, Огулабат Бердымухамедова 1937-жылы 15-июнда туулган. Ал Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлиги тушунда даңкталып, «Огулабат эже — баатыр төрөгөн эне» деп аталган.