14:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Балбан Акжол Махмудов Азиянын чемпиону болду

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 10-апрелде башталган күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жеңүүчү болду.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта килемге чыккан Махмудов чейрек финалда түркмөнстандык Жейхун Овездурдиевди 9:0, жарым финалда жапониялык Кодаи Сакурабаны 9:1 эсебинде жеңди. Финалда ирандык Амин Явар Кавиянинежад жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды.

24 жаштагы Акжол Махмудов ушуну менен 3-жолу Азия чемпиону деп аталмакчы. Буга чейин ал 2018-жылы жана 2022-жылы Азия чемпионатын уткан. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.

Эң көп окулган жаңылыктар