Казакстан Гаага сотунун Путинди камоо жөнүндө чечимин аткарбайт

09:29, 06 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Казакстан Орусия башчысы Владимир Путинди камоого ордер берген Эл аралык кылмыш сотунун чечимин аткарбайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Казакстан Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун документине — Рим статусуна кол койгон эмес. Ага ылайык, Казакстанда бул макам кандайдыр бир күчкө ээ эмес жана биздин мамлекеттин эч кандай милдеттенмеси жок», — деди Казакстандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путинди жана Мария Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган. Мындай аракет согуш кылмышы болуп эсептелет.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт. Өз дарегине айтылган айыптоону чекте кагып, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.