Орусия менен Тажикстан Ооганстандын чегинде аскердик машыгуу өткөрүүдө

17:31, 04 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Орусия менен Тажикстан Хатлон облусунда аскердик машыгуу өткөрүүдө.
 
Машыгуу 7-апрелге чейин өтөт. Эки өлкөнүн аскерлери Ооганстандын чек арасынан 20 чакырым алыстыктагы Харбмайдон полигонунда жайгашты.
 
Орусия тараптан Душанбе менен Бохтардеги аскер базанын 300дөй аскери катышып жатат.