Базар-Коргондо өспүрүм баланы издөө иштери уланууда

15:41, 04 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун Ак-Булак айылынын 14 жаштагы тургунун издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Өспүрүм 31-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
 
Издөө иштери 1-апрелден бери жүргүзүлүүдө.
 
 
Мекеменин билдирүүсүндө, куткаруучулар менен бирге милиция жана жергиликтүү тургундар тартылды.