«Бул БУУ тастыктай алганы гана. Чыныгы көрсөткүч алда канча көп болушу мүмкүн жана жабыркаган үй-бүлөлөрдүн жоготууларын элестетүү мүмкүн эмес», — деп жазды ал Твиттерге.
ЮНИСЕФтин башчысы дээрлик миңге чукул украиналык бала жаракат алганын, «көрүнгөн жана көрүнбөгөн жараат алардын жашоосунда түбөлүк калышы мүмкүн экенин» белгиледи.
Бул арада Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 3-апрелге карата орус агрессиясынан 467 бала өлүп, 944ү ар түрдүү жаракат алды.
Акыркы жолу 31-мартта Донецк облусунун Авдеевка шаарында беш айлык ымыркай жана анын чоң апасы орус аскерлеринин аткылоосунан көз жумганы аныкталган.