Этият болуңуз. Өлкөдө кызамык менен кызылча жугузгандардын саны өсүүдө

17:55, 03 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Бишкек шаары — 8, Жалал-Абад облусу — 2, Ош облусу — 20, Ош шаары — 7, Баткен облусу — 2, Чүй облусу — 2 бейтап аныкталды.

Мекеменин маалыматында, оору эмдөөн баш тарткандардын арасында жайылууда.