Жалал-Абадда 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала изделүүдө

16:29, 03 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абадда 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
 
Маалыматка караганда, 13 жаштагы М.Ф. аттуу бала Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылынын тургуну.
 
Аны издөөгө 100 адам тартылды.