Шашылыш билдирүү. Үшүк жүрүшү күтүлөт

16:24, 03 апреля 2023, Бишкек - 24.kg

3-апрелде түнкүсүн жана эртеси үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Маалыматка караганда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында аба 0...-2° градуска төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде −1...-3° градуска суутат.
 
Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет