Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков иш-чаранын максаты «жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүн бир аянтчага топтоп, мамлекеттик жана жеке медианын ортосунда байланыш түзүп, аны чыңдоо» экенин айтты.
Мунун алдында «Кыргызстандагы медианын аракеттеринин платформасы» уюму президенттик администрациянын бул акциясын сындаган билдирүү тараткан. Анда мындай иш-чара сөз эркиндиги чектелип, журналисттерге, медиага жана блогерлерге куугунтук жүрүп жаткан маалга туш келгени белгиленген.