USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

«Кыргызфармация» ишканасын түзүүгө 5,7 млн доллар бөлүнөт

16:11, 31 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу токтом иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында айтылат.

«Кыргызфармация» ишканасы медициналык мекемелерди дары-дармек менен жеткиликтүү баада камсыздоо үчүн түзүлүп жатканы белгиленген. Министрлер кабинети ишкана өлкөнү медициналык жабуулар менен камсыздоодо «жаңы ыкмаларды» колдонорун кошумчалаган.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Кыргызфармацияны» кампалар менен камсыздоого милдеттендирилди. Каржы министрлиги бюджеттик насыя катары 2023-жылы 500 млн сом (5,7 млн доллар) бөлүүгө тапшырма алды. Быйыл ишкана кызматкерлеринин маянасы үчүн 30 млн сом (340 миң доллар) керек болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө дары каражаттарын жеткирген 200дөй компания жана 3200дөн ашуун дарыкана бар. Алардын көбү Бишкекте жайгашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика