11:13, 30 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Кочкор райондук соту 18ге толбой турмушка чыккан кыздын туугандарына каршы козголгон иш боюнча өкүм чыгарды.
Кылмыш ишинин алкагында 5 кишиге айып тагылган: кыздын күйөөсү, анын ата-энеси, кыздын апасы жана нике кыйган молдо.
Соттун жүрүшүндө кыздын апасынын айтымында, 16 жаштагынын кызынын турмушка чыгуусуна каршы болгон. Бирок кыз ата-энесин суицид менен коркуткандыктан макулдук беришкен.
Жигиттин ата-энеси кыздын жашын сурабай эле салт менен нике кыйып койгонун белгилешти.