Сирияга согушка катышууга бара жаткан аскер кызматкери кармалды

11:13, 30 марта 2023, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Сирияга согушка катышууга бара жаткан Коргоо министрлигинин мурдакы аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну А.К. кармалды.

Ал мурда Коргоо министрлигинин атайын бөлүмдөрүндө кызмат өтөгөн.

УКМК билдирүүсүндө, кыргыз жараны Сириядагы катышууга аракет кылган жана эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп саналат.