10:33, 30 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Кара-Сууда 43 бала ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Балдардын эмнеге ууланганы азырынча белгисиз. Жабыркагандардын канынын анализи азырынча даяр эмес.
«43 бала Оштогу балдар ооруканасына жеткирилип, анын 18и жаткарылды. Абалы туруктуу. Азыр дарыгерлер кеңешип мындан ары дарылоо боюнча чечим кабыл алат», — дейт мекеме.