15:46, 29 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан менен Орусия электр жарыгын жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков билдирди.
Алдыдагы күз-кыш мезгилинде 875 миллион киловатт-саат электр жарыгын импорттоо пландалууда.
«Импорттун баасы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө белгилүу болот. Мөөнөтү дагы такталып жатат», — деди ал.