Салливан Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдөн Борбор Азия өлкөлөрүнө товар сатуу 300% чейин өскөнүн белгилеп, бул товарлардын акыркы жеткен жери кызыктырып жатканын айтты:
«Сөз болуп жаткан 300% бул Евробиримдиктен Кыргызстанга экспорттолгон товар. Мындан тышкары, Европа Биримдигинен Бириккен Араб Эмираттарына, Казакстанга, Өзбекстанга, Арменияга, Грузияга, Сербияга экспорт көбөйдү. Евробиримдик мурда Орусияга экспорт кылып, бирок санкциялардан кийин токтотуп койгон товарларды ташуу өстү».
ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү булардын бардыгы тең санкциялык тизмеге киргизилген товарлар экенин ырастап, анын ичинен согуштук аракеттерге колдонулчу товарлардын ташылып жатканына кабатырлануусун билдирди. Анын айтымында, тетиктери орусиялык курал-жарактардан табылган 770 товар аныкталган. Салливан бул товарлар Орусиянын Украинадагы согушун улантуусуна мүмкүнчүлүк бере турганын белгиледи.
Буга чейин Украинадагы согушка байланыштуу Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 10 пакетин бекиткен.
«Биздин милдет — санкциялардын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу. Соода агымын талдап чыккандан кийин биз олуттуу өсүштү белгилейбиз, мурда мындай болгон эмес. Кыргызстан да ошондой мамлекеттердин бири. Бирок Кыргызстан мындай жалгыз өлкө эмес экенин белгилейм. Мен Бириккен Араб имараттарында, Түркияда болдум. Казакстан, Өзбекстан, Грузия жана Арменияга да баруу ниетим бар», — деди ал.
Салливан экспорттолгон товарды иликтөө жана алардын Орусияга сатылуусуна жол бербөө үчүн Кыргызстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин айтты.
Ошол эле маалда ал азырынча Борбор Азия өлкөлөрүнө кыйыр санкцияларды киргизүү жөнүндө сөз жок экенин белгилеп, учурда дипломатиялык сүйлөшүүлөргө гана басым жасалып жатканын кошумчалады.
Буга чейин айрым батыш басылмалары Орусияга Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү үчүн Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүнө чектөө киргизиши ыктымалдыгын жазган.