Исманкуловдун клиникасынын имаратына неврология бөлүмү ачылат

10:40, 29 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги Офтальмолог Алмазбек Исманкуловдун клиникасы жайгашкан №6 ооруканага караштуу имаратты оңдоп түзөөдөн өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматта министр Гүлнара Батырова оорукананын имараты менен таанышканы айтылат.

Бошогон жайга неврология бөлүмү жайгаштырылат. 

Андан тышкары,  3-кабатын оңдоо иштери жүрөт.

Белгилей кетсек, Алмазбек Исманкулов бул имаратты бир нече жыл ижарага алып колдонуп келген. Жакында анын клиникасы чыгарылган.