«Тазалыктын» мурдакы жетекчиси 5 миллион сомду бюджетке кайтарды

17:49, 28 марта 2023, Бишкек - 24.kg

 «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Рыспек Сарпашов шаарга келтирилген зыянды төлөдү.  Бул тууралуу УКМК билдирди.

Алардын маалыматында, ал күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен, башкача айтканда 5 млн 167 миң 600 сомду толтурган.

Рыспек Сарпашев 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасына тиешелүү иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана куйуучу-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Ал кармалганы 23-мартта кабарланган. 

Учурда ал үй камагына чыгарылды.