Транспортту милдеттүү түрдө камсыздандыруу мөөнөтү 2024-жылга жылдырылды

16:14, 28 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Транспортту милдеттүү түрдө камсыздандыруу мөөнөтү 2024-жылга жылдырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Мамлекеттик финансалык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мыйзамга ылайык юридикалык жактар 1 -апрелге чейин транспортун камсыздандыруудан өткөрүү керек. Болбосо айып пул салынат.

Ал эми жеке жактарга 2024-жылдын январына чейин убакыт берилет.