COVID-19. Бир аптада вируска чалдыккан 36 учур катталды

16:08, 27 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир аптада вируска чалдыккан 36 учур катталды. Бул тууралуу санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдады.

13 бейтап ооруканага жаткырылды.

Баардык аймактар азыр «жашыл» зонада турат.

Белгилей кетсек, COVID-19 вирусунан 2022-жыл ичи жана 2023-жылдын 87 күнүндө 22 миң 57 учур катталды.