Салымбеков «Бай-Түшүм» банкынын көпчүлүк акциясына ээ болушту

13:28, 27 марта 2023, Бишкек - 24.kg

«Бай түшүм» банкынын 51 пайыз акциясын Жумабек Салымбеков сатып алды. Бул тууралуу Tazabek жазды.

Маалыматка караганда, эртең расмий билдирүү болот.

Банктын негиздөөчүсү катары ACDI/VOCA компаниясынын мураскери «БТ Инновэйшнс» финансалык фонду эсептелинет.

Жумабек Салымбеков Бишкек шаардык кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу.