Абанын температурасынын жогорулашына жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеме төмөнкү жолдордо эрежелерди сактоону эскертет:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымы Төө-Ашуу ашуусу;
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымы Сөөк ашуусу
60-94 чакырымы Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
«Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — дейт ӨКМ.