Орунбеков: Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген маалымат калп

10:23, 27 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактарда президенттин жубайы Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. «Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз», — деди Орунбеков.