Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын экспорттойт

16:15, 24 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын экспорттойт. Бул тууралуу Инвестиция тартуу боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Доха шаарында өткөн төрт күндүк AgriteQ-2023 көргөзмөдө келишимге кол коюлду.

Инвестиция боюнча улуттук агенттигинен кабарлашкандай, Катардын, ритейлдин жана дистрибьютердик тармактардын өкүлдөрү менен болгон В2В түрүндө жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 35 тонна эт, бал, тамак-аш жана кайра иштетилген Кыргызстандын продукциясын ташып келүү пландалууда.