Өзгөндө 12 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган 60 жаштагы жаран кармалды

10:59, 24 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Өзгөндө 12 жашар кызга ыплас аракеттерди жасаган 60 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, 60 жаштагы айыл тургуну 12-жашар кызды алдап, унаасына олтургузган.

«Карыя таксист болуп иштеп жүргөн. Аны кыздын туугандары кармап, милицияга өткөрүп беришти. Ал буга чейин дагы кызга карата ыплас аракеттерди жасап, коркутуп келгендиги айтылууда», — дейт милиция.

Кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди.