Япония Баткендин жолдорун оңдоого 5,3 миллион доллар грант берди

13:01, 23 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Япония Баткендин жолдорун оңдоого 5,3 миллион доллар грант берди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун негизги максаты — Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздукту камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, долбоордун аткаруучу органы — КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги.