Өзгөндө жер көчтү. 18 үй көчүрүлүүдө

11:25, 23 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Маалыматка караганда, жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.
 
Жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 метр аралык калган. Учурда үй ээлери көчүрүлүүдө.