Раззаков шаарында күчү 7 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 23- март саат 02:07де Таджикистандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер силкинүү катталган.
Жер титирөө Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.