Юристтин айтымында, ага «жасалма» иш козголгон, себеби Зилалиев арыз ээсин тааныбайт. Матцаков укук коргоо кызматкерлери Зилалиев менен доогерди көзмө-көз жолуктуруудан баш тартканын белгиледи.
«Арыз ээсин Зилалиев эч качан көргөн эмес. Ал мындай факт болбогонун ырастоодо. Эмнегедир арыз алты жылдан кийин жазылган. Мурда анын кайда жүргөнү белгисиз», — деди адвокат.
Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалганы 16-мартта белгилүү болгон.