Маалыматка караганда, Маанаевдин аракетинен коррупциялык элементтер аныкталган.
УКМК Улуттук госпиталдын кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашуун факты катталганын белгилейт.
«Анын ишмердигинде мыйзамсыз кирише табуунун дагы бир жолу — мамлекеттик сатып алуулар болгон. Финансылык-чарбалык аудит жүргүзүлүп, айрым медициналык буюмдар жогорку баада сатылып алынганы жана кымбат дары-дармектер эсептен чыгарыланы аныкталган», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
УКМКнын маалыматына караганда, 2022-жылы октябрдагы тендердин жыйынтыгында иммуномодулятордук медициналык препараттарды жеткирүүгө укук алган компания Улуттук госпиталь үчүн дары-дармектерди жогорку баада сатып берген. Натыйжада бюджетке 36 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталь — өлкөдөгү көп тармактуу дарылоо мекемеси, анда миңден ашык бейтап үчүн орун бар. Токтобай Маанаев госпиталдын башкы дарыгерлигине 2020-жылы августта дайындалган.