Бишкектеги айрым мектептерде коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырат

09:30, 16 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы шаардагы сегиз орто мектепте салттуу коңгуроонун үнүн күүлөргө алмаштырууну чечти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун максаты — окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө.

Мэрия № 3, 51, 93, 95, 96, 97, 99, 100 мектептер үчүн белгилүү комузчулар Нурак Абдрахмановдун, Асылбек Насридиновдун жана Закирбек Дүйшөналиевдин аткаруусундагы күүлөрдү тандап алганын белгиледи.

Долбоор президенттин «Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыгынын алкагында иштелип чыкты.

Европадагы айрым өлкөлөрдө коңгуроо үнү окуучулардын «тынчын алганы» үчүн өчүрүлгөн.