13:59, 15 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Өзгөн районунда тогуз жаштагы кыз зордукталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.
Баланын ата-энеси милицияга 13-мартта кайрылыптыр.
«Шектүү азырынча кармала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, экспертиза кыздын жыныс органы айрылган деген тыянак чыгарган», — деп маалымдашты редакцияны.