Азырынча чемпионат кайсы өлкөнүн аймагында өтөрү белгисиз.
CAFA ассоциациясынын бардык алты мүчөсү — Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Түркмөнстан жана Ооганстан чемпионатка катыша турганын тастыктады. Турнирге Орусиянын улуттук курамасы да катышат.
Уюштуруучулар биринчи CAFA чемпионатында 8 команда чүчүкулактын жыйынытыгы менен эки топко бөлүнүп ойной турганын кабарлады. Топтун жеңүүчүлөрү финалда беттешет. Топтук оюндарда экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ойнойт.