11:12, 13 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров кечээ түнү Бишкектеги кафелердин биринде кароолчу агенттигинин кызматкерин сабаган. Мушташтын видеосун соцтармакка жарыяланды.
Милиция сабалган жаран ооруканага түшкөнүн ырастады.
Бүгүн Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанбыек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди.
«Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт», — дейт президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбеков.
Айрым маалыматтарга караганда, мушташка парламенттин дагы бир депутаты катышкан.