Глобалдык фонд Кыргызстанга бөлгөн акча гомосексуалдарды колдоого жумшалууда
16:26, 09 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Глобалдык фонд Кыргызстанга ВИЧ-СПИД менен күрөшүүгө бөлгөн акча гомосексуалдарды колдоого жумшалууда. Бул тууралуу депутату Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, фонд Кыргызстанга 29 миллион доллар эсебинде каражат бөлүп турат. Ал ПРООН аркылуу бөлүнөт.
«Башка өлкөлөрдө бул каражатты Саламаттыкты сактоо министрлиги алып, отчет берет. Бизде ПРООНго бөлүнөт. Ал эч кандай отчет бербейт. Маалымат боюнча, гранттын 4,5 миллион долларын ПРООНдо иштегендер өздөрүнө эмгек акы катары алып калат экен. «Коомдорду бекемдөө системасы» деп 226,2 миң, «Эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн алдын алуу чараларынын пакети» дегенге 884 миң доллар алууга белсенип жатат. Анысы эмне экенин эч ким түшүндүрүп бербейт, андыктан акча көмүскөдө калууда. Биз лесбиянкалардын, гомосексуалдардын коомун бекемдеп жатабызбы эмне, түшүнбөй жатам?», — дейт Жылдыз Садырбаева.