Россия кыргыз медиктеринин окуусуна орундарды көбөйтүүгө даяр

13:17, 09 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Россия кыргыз медиктеринин окуусуна орундарды көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Россиянын Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен Гульнара Баатырова жолугушкан.

Россия тарап илимий-практикалык семинарларда кыргызстандык медициналык адистер үчүн орундарды көбөйтүүгө даярдыгын кабарлады.