Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кыргызстандын жер титирөө мезгилинде көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу элчи Руслан Казакбаев маалымдады.
Анын айтымында, Мевлют Чавушоглу Түркиядагы катуу жер титирөөлөрдөн кийин ыкчам жардам көрсөтүлгөндүгү үчүн элибизге терең ыраазычылыгын айтты. Ал Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын кесипкөйлүгүн белгилеп, кыргыз боз үйлөрү жана көчмө ооруканасы түрүндө жардам көрсөтүлгөндүгү үчүн рахматын билдирди.
«Түрк дипломаты бул чоң апаат боордош түрк элдерин бириктирип, мамилелерибиздин тарыхында жаңы баракты ачканын баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуубуздун жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүбүздүн маселелерин талкууладык. Түрк тарап эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жандандырууга мүмкүндүк бере турган эки тараптуу өнүктүрүү фондун түзүүнү колдоорун билдирди» — дейт элчи.