Куткаруучулар 9-кабаттан секирмекчи болгон жигитти сактап калды

14:30, 07 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек тогуз кабаттуу турак үйдөн 24 жаштагы А.Ж. аттуу эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучу жигитти сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти.