222 мектеп директорунун ордуна сынак жарыяланды

11:00, 07 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлиги 222 мектеп директорунун ордуна сынак жарыялады. 

Бишкек шаарында 7 мектеп директорунун орду бош, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Ысык-көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 67. 

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана сынакты өткөрүү графиги жакынкы күндөрү белгилүү болот.