Орус түрмөсүндө отурган дагы бир тажикстандык Украинадагы согушта каза болду

09:55, 07 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Орус бийлиги Украинада өлгөн дагы бир тажикстандыктын сөөгүн туугандарына өткөрүп берди. Жакындарынын айтымында, 34 жаштагы Ахмадали Нуров былтыр күзүндө согушка азгырылган.

Маалыматка караганда, Ахмадали эки жыл мурун мыйзамсыз маңзат жүгүртүү айыбы менен алты жылга соттолгон.

Бир апта мурун Нуровдун туугандары жарым жылдан бери андан кабар жок болуп жатканын маалымдашкан.

«Түрүүбү же өлдүбү билбейбиз. Бир ай мурун чоочун киши чалып Ахмадали өлгөнүн, бирок сөөгү табыла электигин кабарлаган», — деп билдирген анын жакындарынын бири.

Ахмадали Нуровдун сөөгү 5-мартта туугандарына берилди.

«Озодинин» өз булактарынын эсебинде, былтыр Орусия түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан ондогон тажикстандыкты «Вангер» жеке аскердик компаниясы Украинадагы согушка азгырган.