«Абдусаттор Хожентке 4-мартта жеткирилди. Бизге ал 20 күн карантинде болорун айтышты. Анын бул абакта болуусу биз үчүн кыйын болуп калат, анткени жол алыс, өз убагында маалымат ала албай калышыбыз мүмкүн», — деди Абдукарим Пирмухаммадзода.
Өткөн жылы декабрдын аягында Душанбенин Исмаил Сомони райондук соту Абдусаттор Пирмухаммадзоданы жети жылга эркинен ажыраткан. Журналисттин жакындары дале болсо сот өкүмүнүн көчүрмөсүн ала электигин билдирүүдө. Соттун маалыматына караганда, Пирмухаммадзода өлкөдө тыюу салынган уюмдар менен кызматташууга күнөөлүү деп табылган.
Журналист 2022-жылы октябрда тергөө абагынан кат жазып, кармалган күндөн бери психологиялык басымга жана кыйноого кабылып жатканын, ага тагылган айыптоолор ойдон чыгарылганын билдирген.
Кезинде Тажикстандын мамлекеттик телеканалдарында иштеген 44 жаштагы Абдусаттор Пирмухаммадзода акыркы жылдары блогерлик менен алектенип, 40 миң катталуучусу бар YouTube каналын иштетип келген. 9-июлда ал Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган.