Түркияга жардам. Кыргызстандыктар 94,3 миллион сом чогултушту

14:36, 06 марта 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-март саат 12:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 94 млн 532 миң 311,55 сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,4 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон. Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш провинциясында болгон. Табигый кырсык 13,5 млн калкы бар дагы 10 провинцияга жана коңшу Сирияга да таасирин тийгизди. Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөдөн 44 миңден ашуун адам каза болду.