13:09, 06 марта 2023, Бишкек - 24.kg
Журналисттер, жарандык коомдук өкүлдөрү жана укук коргоочулар президентке, Жогорку соттун төрагасына, башкы прокурорго кайрылуу жасап, «Кемпир-Абад иши» боюнча Клара Сооронкуловага, Гүлнара Журабаевага, Асия Сасыкбаевага, Рита Карасартовага карата эркинен ажыратуу менен байланышпаган чараларды колдонууга чакырат.
Алар кайрылууда коюлуп жаткан айыптардын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселе көтөрүлбөгөнү айтылат.
«Себеби бул ишке жашырындуулук грифи коюлган жана бул кылмыш иши боюнча тараптар болбогон адамдарга жазык куугунтугунун чоо-жайы белгисиз. Ушуга байланыштуу биз ушул баскычында Клара Сооронкуловага, Гүлнара Журабаевага, Асия Сасыкбаевага, Рита Карасартовага карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү зарылдыгына жогорку кызмат адамдарынын көңүлүн бурууга аргасыз болуп турабыз», — деп айтылат кайрылууда.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1-пунктуна ылайык, «ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт». Ар бир конкреттүү иштин шарттарында бөгөт коюу чараларын колдонууда тергөө органдары алардын максатка ылайыктуулук жана зарылдык принциптерин жетекчиликке алышы керек, себеби КР Конституциясынын 23-беренесинин 2-пунктуна ылайык «киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек». Мындан улам, эркиндигинен ажыратууга байланышкан бөгөт коюу чарасы өзгөчө болууга тийиш жана адам укугу жаатындагы эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык КР Конституциясында жана КР мыйзамдарында каралган учурларда гана колдонулат», — дейт активисттер.
Бөгөт коюу чарасы — бул шектүү, айыпталуучу же соттолуучу адамдардын тергөөчүгө жана сотко келүүдөн качуусун алдын алуу үчүн тергөө органдары тарабынан колдонулуучу адамдын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөчү чара. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекси адам соттон жана тергөөдөн качпайт жана ишти калыс териштирүүгө тоскоолдук кылбайт деген кепилдик катары тергөө мезгилинде ар кандай бөгөт коюу чараларын караштырат.
Жогоруда аталган адамдар өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер, террорист да, экстремист да эмес, алар болгону чогулуу эркиндигине жана биригүү эркиндигине болгон укугун тынч жол менен гана колдонушкан. Ал тургай, Клара Сооронкулованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны, Рита Карасартованы камакка алуу жөнүндө чечимди кабыл алууда тергөө органдары жана сот алардын балдары бар болгонун, жаш курагын, коомго сиңирген эмгегин, туруктуу жашаган жери бар болгонун эске алышкан эмес.
Бөгөт коюу чарасынын эң кеңири таралган түрлөрүнө башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу, үй камагы, камакка алуу кирет. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 114-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу кылмыш-жаза мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата башка кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат. Башкача айтканда, бул чара башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюуну же үй камагын колдонуу мүмкүн болбогон учурда гана көрүлүшү керек. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 114-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык үй камагы айыпталуучунун ары-бери эркин жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөрдөн турат, ага кайсы бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө, турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө, соттун уруксатысыз административдик аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.
Башкача айтканда, бүгүнкү күндө адамдын ары-бери жүрүүсүн, башка адамдар менен сүйлөшүүсүн, жада калса байланыш каражаттарын колдонуусун чектей ала турган конкреттүү механизмдер бар. Эгерде сот көрсөткөн шарттар бузулган болсо, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде бөгөт коюу чарасынын түрүн кыйла катуу чарага алмаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан улам бул иш боюнча жогоруда аталган адамдарга карата бөгөт коюу чараларынын башка түрлөрүн колдонууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк бар. Буга байланыштуу биз Клара Сооронкуловага, Гүлнара Журабаевага, Асия Сасыкбаевага, Рита Карасартовага карата тергөө иштерин жүргүзүү жана ишти маңызы боюнча кароо мезгилинде эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын колдонууга чакырабыз.