Анын айтымында, иликтөө материалдарын визуализациялоо менен алектенген Жуматаев күбө катары чакырылган.
«Азырынча анын суракка эмне себептен чакырылганы белгисиз. Бул айып пулдардын кымбатташына байланыштуу мессенжерлер жана социалдык тармактардагы талкууга тиешеси болушу мүмкүн. 1-мартта Тилек үйүнүн тегерегинде аны аңдуулар болуп жатканын билген. Белгисиз адамдар анын туугандарынан Тилекти кантип табууну сурашкан. Алар өздөрүн тааныштырган эмес. Мындай 2-мартта да болгон. Ошондо Тилектин туугандары алардын бирөө Аламүдүн ИИБинин кызматкери экенин айткан», — деди Ложников.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул жагдай боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.
Сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар соңку кезде Кыргызстанда эркин басылмаларга кысым күчөгөнүн белгилеп жатышат.
Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылгандар пайда болду, «Азаттыктын» сайты бир нече айдан бери бөгөттөлүп турат жана аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракети көрүлүүдө.
Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келе жатат.