Садыр Жапаров: Кеп айып пулда эмес, жарандардын коопсуздугунда

14:18, 03 марта 2023, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузууга каршы чаралардын катаалданышына өз оюн билдирди.

Өлкө башчысы айып пул менен бюджеттин көөлөмү көбөйбөстүгүн белгилейт.

««Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат» деген сөздөрдү окуп калып жатам. Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. Кеп анда эмес. Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүп баратат. Жаш балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт», — дейт Садыр Жапаров.

Анын маалыматында, 2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болуп калган. Ал эми 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болду.

2022-жылы болсо 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган.

2020-жылы 93 бала каза болуп, 1 456 бала майып болду. 2021-жылы 111 бала каза болуп, 2 175 бала майып болуп калган. 2022-жылы 103 бала каза болуп, 2 226 бала майып болгон.

Ал эми мас абалында айдап жүргөндөрдүн кесепетинен каза болгондор боюнча айтсам, 2020-жылы 467 кырсык катталып, 62 адам каза болуп, 451 адам майып болуп калган.

2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болуптур. 2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 742 адам майып болуп калган.