«Баа төмөндөйт деп күтүп жатабыз, себеби негизи доллардын курсу көтөрүлгөндө импорттолгон товарлардын да баасы кымбаттайт. Буга байланыштуу импорттолгон товарлардын наркы акырындык менен арзандайт. Экономика боюнча жалпысынан инфляция аркындык менен төмөндөйт. Азыр эң жогорку айлар, инфляция 20% түзүүдө. Эки-үч айда төмөндөйт деп ойлойм», — деди каржы министри Ерулан Жамаубаев.
Анын айтымында, такталган бюджетте инфляциянын деңгээли 7,5–9,5 чегинде көрсөтүлгөн.
Мурдараак Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин казакстандыктар февраль-март айларында баанын арзандаганын себе баштарын билдирген. Ал элге азык-түлүк жеткиликтүү экенин, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун түшүндүрүүгө чакырган.
2022-жылдын жыйынтыгы менен Казакстанда инфляция 20,3 пайызды түздү. Бир жылда азык-түлүк 25,3 пайызга кымбаттады.